Израилдин Ливандын райондорун бомбалоосунун натыйжасында курман болгондордун саны 1540 кишиге жетип, 5,4 миң жай тургун жарадар болду.
Бул тууралуу Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө кырдаалдар борборунун билдирүүсүндө айтылат.
«Израилдин Ливанга сокку уруусу башталгандан бери 1540 адам набыт болуп, 5400дөн ашууну жарадар болду», – деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, Израилдин акыркы сутка ичиндеги соккуларынын натыйжасында 60 адам өлүп, 80ден ашууну жарадар болгон.
«Азыркы тапта агрессияга дуушар болгон райондордон келген 77,1 миң качкын 565 убактылуу жашоочу борборго жайгаштырылды», – деп айтылат маалыматта.
Акыркы эки күндө Сириянын 15,6 миң жараны жана 16,1 миңден ашуун ливандыктар Ливандын чек арасынан Сирия тарапка өтүшкөн.
Израилдик авиация бир нече күндөн бери Ливандын түштүгүндөгү жана чыгышындагы калктуу конуштарга массалык сокку урууда. Ондогон кыштактар жана бир катар райондук калктуу пункттар чабуулга дуушар болду.
“Хезболла” кыймылы өз кезегинде Израилдин түндүгүн көздөй ондогон ракеталарды атышты. Ливандын өкмөтү БУУну кийлигишүүгө, Израилдин агрессиясын токтотууга чакырды.
Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаал 2023-жылдын октябрында Израиль Газа тилкесинде операция баштагандан кийин курчуп кеткен. Кырдаалдын ого бетер курчушу 17-18-сентябрда Ливандын ар кайсы райондорунда бир учурда байланыш жабдуулары: биринчи пейджерлер, эртеси рациялар жардырылгандан кийин орун алган. Маалымат каражаттары жазгандай, жарылган аппараттарды негизинен “Хезболланын” мүчөлөрү колдонгон. Расмий маалыматтар боюнча, чабуулдан 37 адам каза болуп, 3000ден ашууну жарадар болгон. Ливан бийликтери жана “Хезболла” чабуул үчүн Израилди айыптаган. Тель-Авив бул окуяга тиешеси бар экенин тастыктаган да, четке каккан да жок.
Кырдаалдын курчушуна байланыштуу 11 өлкө жана Евробиримдик биргелешкен билдирүү жасап, Израиль менен “Хезболланы” үч жумалык элдешүү жарыялоого жана бул убакыттын ичинде жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырды.
Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн лидерлери чогулган сессиясында кабыл алынган билдирүүдө Израиль менен “Хезболланын” ортосундагы аскердик аракеттер бүткүл регионго жайылуу коркунучу бар экени, бул эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келбейт тургандыгы айтылат.


















