Литванын борбору Вильнюс шаарынын Эл аралык аэропортуна келе жаткан жүк ташуучу учак кулап түштү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз катчысы Мариус Зеланиус LRT улуттук радиосуна билдирген.
“DHL компаниясынын учагы эки кабаттуу турак жайдын үстүнө кулап түшкөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, учакта эки учкуч жана эки компаниянын кызматкери болгон”, – деген ал.
Ал эми Улуттук антикризистик борбордун жетекчиси Вилмантас Виткаускас “учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө эмес, анын жанына кулаганын” билдирди.
Учкучтардын бири куткарылган. Калгандар тууралуу азырынча маалымат жок. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Ал эми үйдө адамдар болгон-болбогону да белгисиз.
Кийинчерээк полициянын генералдык комиссары Ренатас Позела учак кырсыгынан учкуч эмес, экипаж мүчөсү каза болгонун тактады.
Буга чейин радиостанция экинчи учкуч каза болгонун кабарлаган. “Куткаруучулар аны урандылардын астынан алып чыгышты, бирок бир нече мүнөттөн кийин алган жаракаттарынан улам каза тапты. Ал эми дагы эки адам ооруканага жеткирилди”, – деп айтылат LRTнын эфиринде.
Кырсыкка кабылган учак Лейпцигден Вильнюска учуп бара жатканы такталды.
Кошумчалай кетсек, Орусиянын Сочи шаарынан Түркиянын Анталия аэропортуна учуп барган орусиялык “Азимут” авиакомпаниясынын учагы конгондон кийин мотору күйүп кеткени тууралуу да кабар тарады. Тилекке жараша, учактагы 89 жүргүнчү менен алты экипаж мүчөсү аман-эсен аэропортко жеткирилген жана жабыркагандар болгон эмес.





















