Америкалык «Интер Майами» жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси карьерасында сегизинчи жолу «Алтын топту» жеңип алды.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 30-октябрда Париждеги Шатле музыкалык театрында өттү. Талапкерлердин тизмесинде ал франциялык Килиан Мбаппени («Пари Сен-Жермен») жана норвегиялык Эрлинг Холандды («Манчестер Сити») артка калтырды.
Буга чейин Месси жети жолу дүйнөнүн мыкты футболчусу деп табылган. «Алтын топту» 2009, 2011, 2012, 2013, 2016, 2019 жана 2021-жылдары алган.
36 жаштагы Месси 15-июлда “Интер Майами” командасына кошулган. Анын клуб менен келишими 2024/2025-сезондун аягына чейин түзүлгөн. “Алтын топту” беш жолу алган португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду бул жолу Месси менен атаандаш боло алган жок, футболчу талапкерлердин тизмесине кире алган эмес.
Былтыр “Алтын топ” сыйлыгынын ээси Сауд Аравиянын “Аль-Иттихад” клубунда ойногон франциялык Карим Бензема болгон.


















