Египетте Кызыл деңизге 45 турист менен суу астына экскурсияга түшкөн кеме чөгүп, кырсыктан алты киши каза болду.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, кемеде жалпы 45 адам болгон, анын 39у куткарылган. Алардын арасынан тогуз киши жаракат алды.
Кырсык Кызыл деңиздин коралл рифтерин изилдөө үчүн суу астындагы экскурсия учурунда болгон.
Орусиянын Хургададагы башкы консулу Виктор Воропаевдин ТАСС агенттигине билдиришинче, кырсыктан алты турист, анын ичинде эки жашы жете элек өспүрүм каза болгон.
Анын айтымында, кемедеги туристтердин баары Орусиянын жарандары болгон.
Консул жүргүнчүлөрдүн баары Египетке Biblio-Globus туристтик компаниясынын пакеттери менен келишкенин тактады.
Ал эми массалык маалымат каражаттары кемедеги жүргүнчүлөрдүн тизмесин жарыялашты.
Жүргүнчүлөрдүн эң кичүүсү 3 жашта, эң улуусу 62де. Алардын аты-жөнүнө караганда тизмедегилердин айрымдары үй-бүлөлөр.


















