Иранда шафрандын мекени деп саналган Түштүк Хорасандагы Гайинат аймагында кызыл алтын жыйноо кызуу жүрүп жатат. Түштүк Хорасанда бул өсүмдүк 16 миң гектардан ашык аймакта өстүрүлүп, дүйнөдөгү эң жогорку сапаттагы шафран катары бааланат.
“Кызыл алтын” деп аталган шафран дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири. Аталган өсүмдүк тамак-ашка кошулуп, дары-дармек жасоодо жана химиялык өндүрүштөрдө кеңири колдонулат. Ал жапайы жаратылышта сейрек кездешет.
Шафрандын түсү кою кызыл, жыпар жыттуу жана даамы жагымдуу келет. Бир килограмм зафаран алуу үчүн 150 миңден ашык гүл керек болот. Ошол себептен бул өсүмдүк дүйнөдөгү эң кымбат татымалдардын бири катары белгилүү.




















Discussion about this post