Кытайлык электромобилдерди өндүрүүчү XPeng компаниясы Пекинде өтүп жаткан China International Supply Chain Expo (CISCE) көргөзмөсүндө учуучу электромобилдин прототибин көрсөттү.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Эки орундуу XPeng Voyager X2 учкучсуз учуучу электромобилинин ылдамдыгы саатына 130 километрге чейин жетип, жерден 1 чакырым бийиктикке көтөрүлө алат.
Аэрмобилдин салмагы 560 килограмм, электр батареясы менен иштейт жана абада 35 мүнөткө чейин учуп жүрүүгө жөндөмдүү.
China International Supply Chain Expo (CISCE) көргөзмөсү Кытайда биринчи жолу 28-ноябрдан 2-декабрга чейин өтүп жатат, ага Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн жалпы 515 компания катышууда.
Көргөзмө мейкиндиги ар кандай тематикалык аймактарга бөлүнгөн, атап айтканда, айыл чарбадагы жашыл технологиялар, таза энергия, санариптик технологиялар, сергек жашоо образы жана башкалар. Анда АКШ, Япония, Улуу Британия, Германия, Вьетнам, Таиланд, Бразилия, Австралия, Сингапур, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн фирмаларынын стенддери коюлган.



















