Борбордук Хубэй провинциясынын Хуанган шаарынын соту Кытай Эл банкынын (Борбордук банк) мурдагы вице-губернатору Фан Ифэйди 386 миллион юань (55 миллион долларга жакын) пара алганы үчүн өлүм жазасына кести. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Ал өмүр бою бардык саясий укуктардан ажыратылат. 60 жаштагы Ифэйдин бардык мүлкү конфискацияланат. Эгерде анын өлүм жазасы эки жылдан кийин өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылса, анын иши жеңилдетүүгө же мөөнөтүнөн мурда бошотулууга жатпайт.
Сот Ифэйди “өтө оор жагдайлар жана оор социалдык кесепеттер” камтыган кылмыш үчүн күнөөлүү деп тапты. Атап айтканда, Борбордук банктын төрагасынын мурдагы орун басары “элдин кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирген”.
Ал буга чейин Кытай өкмөтү тарабынан 2022-жылдын аягында тергелип, 2023-жылы Коммунисттик партиядан чыгарылган.



















