Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПО көргөзмөсүнө барды.
Ал машина куруу, энергетика, экология, өнөр жай жабдуулары, курулуш технологиялары, электр техникалары, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, саламаттыкты сактоо жана медициналык техникалар сыяктуу товарлардын кеңири ассортименти менен таанышты.
Акылбек Жапаров ошондой эле ата мекендик продукциялар коюлган Кыргызстандын павильонунда болду.
Белгилей кетсек, Үрүмчү шаарында (СУАР) 17-августтан 21-августка чейин Азия менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПО көргөзмөсү өткөрүлөт.
ЭКСПО Кытайда 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, ал эми бул жылдын негизги темасы сооданы өнүктүрүү болуп саналат.
Көргөзмөгө 1,3 миңден ашуун компания, анын ичинде дүйнөдөгү ТОП-500 алдыңкы компаниялардын 25ши катышууда.
Буга чейинки “Кытай-Евразия: товарлар жана соода” ЭКСПОлору 2015, 2017 жана 2021-жылдары өткөрүлгөн. Аларга дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн жана аймактарынан 3,7 миңден ашуун компания катышкан.