Кытайда табигый кырсыктар болгон аймактарда колдонуу үчүн жасалма интеллект менен жабдылган учкучсуз учуучу аппарат (БПЛА) жасалды. Бул тууралуу South China Morning Post (SCMP) басылмасы кабарлады.
Аппараттын канат жайылышы — 2,6 метр, узундугу — 1,8 метр. Ага учуу-конуу тилкеси талап кылынбайт, анткени ал тик учуп-конууга жөндөмдүү. Камералар жана сенсорлордон тышкары, ага жасалма интеллект орнотулган, анын жардамы менен аппарат автоматтык түрдө максатты аныктап, маршрут түзүп жана кооптуу абалдардан кача алат, деп белгилейт SCMP.
“Аппарат белгиленген жерге тез учуп барып, сенсорлор менен камеранын жардамы аркылуу керектүү маалыматтарды чогултат жана кырсыктын масштабын тез баалайт”, — дешет өндүрүүчүлөр.
Бул аппараттын дизайны анын квадрокоптерге караганда жогорку ылдамдыкта учуусуна мүмкүндүк берет. Ал эми тик учуп-конуу жөндөмү анын мобилдүүлүгүн жогорулатат жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Аппарат Сычуань провинциясынын тоолуу аймагында куткаруу машыгуусу учурунда сынактан өткөрүлгөнү айтылат.



















