Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кытайда учуучу автоунаалар жасала башталды

  • Илим
  • 05.11.2025 11:00

Loading

Кытайдын XPeng компаниясы учуучу автоунаалардын сыноо өндүрүшүн баштады.

Кытайдын электр унааларын чыгаруучу XPeng компаниясы өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан заводдо учуучу автоунааларды сыноо өндүрүшүн баштаганын «Синьхуа» агенттиги билдирди.

«XPeng Aeroht — XPeng компаниясынын учуучу автоунааларды өндүрүү боюнча бөлүмү — дүйшөмбү күнү вертикалдык учуп-конуу системасы бар электр автоунааларынын сериялык өндүрүшүнө арналган дүйнөдөгү биринчи интеллектуалдык заводдо сыноо өндүрүшүн баштады», — деп айтылат маалыматта.

Тема боюнча

Кытайда кунг-фу өнөрүн билген гуманоид жансакчы-робот көрсөтүлдү. Видео

Кытайда кунг-фу өнөрүн билген гуманоид жансакчы-робот көрсөтүлдү. Видео

23.10.2026

Завод Гуандун провинциясынын түштүгүндөгү Гуанчжоу шаарында жайгашкан жана анын аянты 120 миң чарчы метрди түзөт. Ал жерде модулдук Land Aircraft Carrier аттуу автоунаанын биринчи алынуучу электр учуучу аппараты чыгарылды.

Заводдун долбоордук өндүрүш кубаттуулугу жылына 10 миң  авиациялык модулга жетет, ал эми баштапкы этапта жылына 5 миң даана чыгара алат. Толук кубаттуулукта завод жарым саат сайын бир учуучу аппарат чыгара алат деп тактайт агенттик.

XPeng Aeroht компаниясынын вице-президенти Ван Тань буга чейин РИА Новости агенттигине билдиргендей, XPeng Aeroht — бул модулдук автоунаа болуп, анын жүк салгыч бөлүгүндө эки адамды абага көтөрө ала турган пилоттук аппарат орнотулган. Анын айтымында, мындай автоунаанын ээси «көздөгөн жерге чейин айдап барып, унаасын токтотуп, жүк салгычтан учуучу аппаратты чыгарып, уча алат».

Ван Тань ошондой эле мындай модулдук учуучу автоунаанын баасы болжол менен 1–2 миллион юань (138–276 миң АКШ доллары) болорун белгилеген. Алгач автоунааны Кытайда сатуу пландалууда, кийин дүйнөлүк рынокко чыгаруу каралууда.

Компаниянын эл аралык байланыштар боюнча башкы менеджери Тан Фэнтиндин айтымында, XPeng Aeroht өзүнүн «жердеги авианосец» деп аталган автоунаасын — жер үстүндөгү жана аба модулдарынан турган системаны — 2026-жылдын биринчи жарымында массалык түрдө чыгарып, жеткирүүнү баштоону көздөп жатат.

XPeng Aeroht Land Aircraft Carrier (LAC) узундугу 5,5 метр, туурасы 2 метр жана бийиктиги 2 метр болгон алты дөңгөлөктүү жол тандабас. Ал интеграцияланган учуучу аппарат менен жабдылган.

Тан Фэнтин белгилегендей, «жердеги авианосец» чоң көрүнгөнү менен кадимки автоунаа токтотуучу жайга батат же жер астындагы паркингге да кире алат.

Автоунаанын ичине төрт адам батат жана отура алат, ал эми учуучу аппарат эки жүргүнчү үчүн эсептелген. Бир аккумулятор менен унаа 1000 чакырымга чейин жүрө алат. Учуу модулу унаанын жүк салгыч бөлүгүндө жайгашкан жана аны бир басуу менен эле бөлүп алуу мүмкүн — бул процесс беш мүнөттөн аз убакытты алат.

Дизайны боюнча LAC америкалык Tesla компаниясынын Cybertruck үлгүсүнө окшош, бирок Тан Фэнтиндин айтымында, XPeng бул дизайнды андан көчүргөн эмес, бирок окшоштук тууралуу суроолор көп болот.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: XPeng Aeroht Land Aircraft Carrier (LACКытайучуучу автомашина
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

29.10.2026
Кытайда кунг-фу өнөрүн билген гуманоид жансакчы-робот көрсөтүлдү. Видео

Кытайда кунг-фу өнөрүн билген гуманоид жансакчы-робот көрсөтүлдү. Видео

23.10.2026
Борбор Азия жана Ак үйдүн табышмагы: АКШнын аракеттерине болгон ишенимди кайра карап чыгуу зарылдыгы 

Борбор Азия жана Ак үйдүн табышмагы: АКШнын аракеттерине болгон ишенимди кайра карап чыгуу зарылдыгы 

13.10.2026
Кытай күйүүчү майдын экспортун убактылуу токтотту

Кытай күйүүчү майдын экспортун убактылуу токтотту

01.10.2026
Түркмөнстанда Кытайдын жаңы абадан коргонуу комплекси көрсөтүлдү, ал эми советтик МиГ-29 учактары азырынча Аба күчтөрүнүн курамында калууда

Түркмөнстанда Кытайдын жаңы абадан коргонуу комплекси көрсөтүлдү, ал эми советтик МиГ-29 учактары азырынча Аба күчтөрүнүн курамында калууда

30.09.2026
А. Касымалиев КЭРдин Ханчжоу шаарында Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты

А. Касымалиев КЭРдин Ханчжоу шаарында Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты

24.09.2026
Бээжин АКШнын Иранга карата бир тараптуу санкцияларына чечкиндүү каршы чыгууда

Бээжин АКШнын Иранга карата бир тараптуу санкцияларына чечкиндүү каршы чыгууда

24.09.2026
Кытайлык корпорациялар менен Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу маселеси талкууланды

Кытайлык корпорациялар менен Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу маселеси талкууланды

23.09.2026
Си Цзиньпин 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барат

Си Цзиньпин 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барат

23.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.