Кытайдын Shiyan Guoke Honghu Technology компаниясы Honghu T70 деп аталган толугу менен автономдуу, жасалма интеллектке (ЖИ) негизделген тракторун тааныштырды. Бул техника адамдын катышуусусуз эле айыл чарба иштеринин толук циклын аткара алат.
Honghu T70нин негизги өзгөчөлүгү — кабинасы, рулу жана айдоочуга арналган отургучу такыр жок.
Бул трактор GPS, лидарлар жана нейротармактар менен жабдылган. Ал реалдуу убакыт режиминде топурактын жана өсүмдүктөрдүн абалын анализдеп, маалыматтарды борбордук системага жөнөтүп турат. Жасалма интеллект ар кандай уруктарды таанып, айдоо тереңдигин өсүмдүккө жараша автоматтык түрдө жөндөйт. Операциянын тактыгы 2,5 см.ге чейин жетет.
Honghu T70ди кыймылга эки электромотордон турган электр кыймылдаткыч системасы келтирет:
-
Бирөө трактордун жүрүшү үчүн,
-
Экинчиси түрдүү алмашуучу жабдуулар (мисалы, культиватор, чапкыч) үчүн иштейт.
Автономдуу иштөө убактысы — 6 саат, ошол убакыт аралыгында трактор 2 гектарга жакын аянтты иштетүүгө жетишет.
Учурда жаңы техника Кытайдын Хэбэй провинциясында жана башка аймактарында сыноодон өтүп жатат. Иштеп чыгуучу компания бул ЖИ-трактор жалпы улуттук рынокко чыгарылат деп билдирүүдө, анткени масштабдаштыруу потенциалы абдан жогору.


















