Кытайда жасалган дүйнөдөгү эң чоң амфибия учагы AG600 сериялык өндүрүшкө кирди деп жазат Кытайдын авиация өнөр жай корпорациясы.
Маалыматка ылайык, 11-июнда AG600 учагы өндүрүш лицензиясын алып, расмий түрдө сериялык өндүрүш стадиясына өткөн.
Амфибия учагынын узундугу — 38,9 метр, бийиктиги — 11,7 метр, канат жайылышы — 38,8 метр. AG600 учагынын максималдуу учуп көтөрүлүүчү салмагы — 60 тонна, ал эми учуу аралык аралыгы — 4,5 миң чакырымга жетет.
Бул учакты токойдогу өрттү өчүрүүдө жана сууда куткаруу иштеринде колдонуу пландалууда. Ошондой эле, аны деңиз чөйрөсүн мониторинг жүргүзүүчү кошумча жабдуулар менен жабдып, жүргүнчү жана жүк ташуу, ошондой эле пайдалуу кен байлыктарын чалгындоо үчүн да пайдаланса болот.

















