Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району/Кытайдын Түндүк-Батышындагы Синьцзян эркин соода пилоттук зонасынын Хоргос участкасында өткөн жуманын соңунда Борбор Азиянын рыногуна багытталган алгачкы эки мотоцикл жасоочу линияны ишке берүү салтанаты болду. Бул тууралуу «Жэньминь жибао» маалымат булагы билдирди.
Күн сайын 1000 мотоциклди чыгарууга жөндөмдүү бул линия жергиликтүү Kingold жаңы энергетикалык технология компаниясына таандык.
Компания Борбор Азия өлкөлөрүнө негизинен эки дөңгөлөктүү электромотоциклдерди жана үч дөңгөлөктүү фотогальваникалык элементтүү мотоциклдерди, ошондой эле ички кыймылдаткычы бар мотоциклдерди жөнөтүүнү көздөйт.
Жалпы инвестициясынын суммасы 1,5 млрд юанды түзгөн мотоцикл чыгарган бул долбоордун курулушун эки этапта ишке ашыруу пландаштырылууда.
1200 мотоциклден турган алгачкы партия жакында Казакстанга жөнөтүлөт. Азыркы учурда ишкана алдын ала 20 миңден ашык мотоциклге буюртма алды.
Аталган компаниянын башкармалыгынын төрагасы Юань Чжию келечекте компания бир мотоциклди жасоодогу 60% деталдар Синьцзянда жасалышы керектигин билдирди. Бул продукциянын өзүнө турган баасын бир топ арзандатып, анын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Хоргос экономикалык өнүгүү зонасынын инвестиция тартуу боюнча департаментинин жетекчиси Гуань Цзиньчжун аймактын бийлиги инвестиция тартуу боюнча ишти күчөтүп, жергиликтүү ишканаларга Борбор Азиянын рыногун өздөштүрүүдө көмөк көрсөтүүнү пландаштырып жаткандыгын айтты.























