Кытайдын Коргоо министрлиги Пекин өзүнүн согуштук учактарын дос мамлекеттерге жетркирүүгө даяр экенин билдирди.
Мындай билдирүүнү Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү Цзян Бинь журналисттин айрым өлкөлөр менен Кытайдын ортосунда курал-жарак, анын ичинде J-10 согуштук учактарын сатып алуу боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрү тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдиргенин ISNA агенттиги жазды.
“Биз Кытайдын аскердик техниканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин дос өлкөлөр менен бөлүшүүгө жана аймакта жана дүйнөдө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого конструктивдүү салым кошууга даярбыз”,- деп белгиледи Цзян Бинь.
Кытайдын Коргоо министрлигинин өкүлү сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кайсы өлкөлөр жөнүндө сөз болуп жатканын так айткан жок.
Эксперттердин айтымында, мурда Россиядан курал-жарак импорттоого көз каранды болгон Кытай акыркы жылдары өзүнүн заманбап учактарын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул Кытайдын аскердик өз алдынчалыгын жана ал тургай Россия менен атаандаша аларын көрсөтүп турат.
Newsweek басылмасы мындан улам, заманбап аскердик учактарды сатып алууга кызыккан өлкөлөр Кытайга көбүрөөк кайрыла баштаганын, Кытай аскердик экспортту жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүнү көздөп, аскердик машыгууларда өз учактарын көрсөтүп келерин жазат.
Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун (IISS) жакындагы талдоосу көрсөткөндөй, Кытайдын курал-жарактарын негизги сатып алуучулар — Мьянма, Пакистан, Таиланд жана Бириккен Араб Эмираттары болгон.



















