Кытай жекшемби күнү “Yaogan-40 03” сериясындагы аралыктан зонддоо спутниктеринин үчүнчү партиясын ийгиликтүү учурду. Бул Пекин убактысы боюнча саат 00:34кө туура келди.
Синьхуа агенттигинин билдиргенине караганда, аталган спутниктер орбитага Шаньси провинциясындагы Тайюань спутник учуруу борборунан “ Long March-6” ракеталык аппараты менен чыгарылган.
“Аппараттар белгиленген орбитага ийгиликтүү чыгышты жана электромагниттик чөйрөнү изилдөө жана тиешелүү техникалык сыноолорду өткөрүү үчүн колдонулат”,- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, ракеталарды учуруу Long March-6 сериясын колдонуу менен ишке ашырылган 593-миссиясы болгон.
Yaogan аталышы кытай тилине которгондо “алыстан сезүү” дегенди билдирет.
Муну Батыштын бир катар маалымат каражаттары бул класстагы спутниктер чындыгында аскердик чалгындоо машиналары болуп саналышарын билдиришкен.



















