Кытайдын куралдуу күчтөрү 17-мартта Тайвандын жанында масштабдуу аскердик машыгууларды өткөрдү. Пекин аны аралдын президенти Лай Чин Тэнин “сепаратисттик” аракеттерине жооп деп атады.
Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.
Тайвандын Коргоо министрлиги Кытай Тайванга жакын аймактарга J-10 учактары жана учкучсуз учактар менен кошо 54 согуштук учакты жөнөтүп, “биргелешкен күжүрмөн даярдык патрульдарын” өткөргөнүн жарыялады.
Мекеменин билдирүүсүндө ошондой эле Кытайдын учактары Тайвандын түндүгүндө, батышында, түштүк-батышында жана чыгышындагы аба мейкиндигинде учкандыгы, абалды көзөмөлдөө үчүн жерине Тайвандын аба жана деңиз күчтөрү жиберилгени айтылат.
Алардын ичинен 42 учак эки тараптын ортосундагы бейрасмий буфер болгон Тайвань кысыгынын орто сызыгын кесип өткөн.
Ошол эле учурда Кытайдын Тайвань иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы: “Эгер Лайдын администрациясы провокация жасап, от менен ойноого батынса, ал өзүнүн кыйроосуна гана алып келет”, – деп билдирди.
Тайван Кытайдын мындай аскерий аракеттери тууралуу көп кабарлайт, бирок Пекин аларга кээде гана комментарий берет.
Эске салсак, Тайвандын айланасындагы кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин 2022-жылдын август айынын башында аралга жасаган иш сапарынан кийин кыйла курчуп кеткен. Аралды өзүнүн провинцияларынын бири деп эсептеген Кытай чиновниктин сапарын айыптап, бул кадамын Тайвандык сепаратизмди колдоо катары көрүп, андан соң ири аскердик машыгууларды өткөргөн.



















