Хунань провинциясында кытайлык геологдор Пингцзян округундагы Вангу кенинен 300,2 тонна алтын табышты.
Бул тууралуу аталган провинциянын тиешелүү башкармалыгынан кабарлашкандыгын Vesti.ru сайты билдирди. Алтындын текшерилген кору 82,8 миллиард долларга бааланган.
Курамында алтын бар руда жер астындагы эки миң метрден ашык тереңдикте жайгашкан. Рудадагы баалуу металлдын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча тоннасына 138 граммды түзөт.
«Жалпысынан 40тан ашык алтыны бар кендер табылган. Эксперттер рудалык кендердин масштабы эбегейсиз – миң тоннадан ашык деп макулдашты», – деп айтылат расмий билдирүүдө.
Кытай дүйнөдөгү эң ири алтын өндүрүүчү болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк кеңештин маалыматы боюнча, өткөн жылы бул баалуу металлдын өндүрүшүнүн 10%га жакыны Асман империясынын (Кытайдын) үлүшүнө туура келген.

















