Кытайда AG60E электр самолету же жеңил эки орундуу AG60 асманда жүрө турган техниканын электр түрү сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу China Aviation Industry General Aircraft Corporation электр самолетун иштеп чыккан ишкананын маалыматына таянып, РБК агенттиги билдирди.
Тестик учуу Ханчжоу шаарындагы Цяньдаоху жарандык авиация аэропортунда аткарылган.
AG60дин узундугу – 6,9 метр, канатынын өлчөмү – 8,6 метр, максимальдуу крейсердик ылдамдыгы саатына – 185 км. Өндүрүүчү жасалган самолетту жасап чыгаруунун максатын жаңы стратегиялык тармакты электрлештирүүнү өнүктүрүүгө шарт түзүүнүн алгачкы кадамы катары эсептейт.
The New York Times электр самолеттор авиациянын тарыхында көптөн бери фантазия болуп келгендигин белгилейт. Анткен менен аккумулятор жана башка түзүмдүк тетиктер чөйрөсүндөгү технологиялык инновацияларга жумшалган миллиарддаган инвестициялар электр авиациясын фантазиядан чындыкка айлантууга шарт түздү.
Электр самолеттору учкан мезгилде абага зыяндуу заттарды чыгарбагандан тышкары эксплуатация жана тейлөөдө демейдеги тик учак жана самолетторго караганда бир топ жөнөкөй. Ошол эле учурда азырынча электросамолеттор анчалык деле суроо-талапка ээ болбой, кыска аралыктарга гана учууларды аткаруусу күтүлүүдө.
Электроавиация көйгөйү азыр XX кылымдын башында автомобиль индустриясы нын алдында турган чакырыкка окшош деп эсептейт AeroDynamic Advisory консалтингдик компаниясынын директору Кевин Майклс. Ал ошол учурда дүйнөдө өздөрүнүн өндүрүшү менен жүздөгөн өндүрүүчүлөр болгондугун, бирок жол, жол чырак жана камсыздандыруу болгон эмес. Бирок кийин бул чөйрөлөр кийин талапка жараша пайда болуп, өнүгүү жолуна түшкөндүгүн эске салды.
«Баардыгы 20 жыл өткөндөн кийин жайына келди, акырында чыгымдар азайып, жеңүүчүлөр да пайда болду. Бул иштин жүрүшүн өзгөртүп, адамдардын аң-сезими менен жашоо шартын да өзгөрттү», – деп кошумчалады ал.

















