Кытай Орусия менен аскердик кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз байланышты жогорку деңгээлде кармоого ниеттенүүдө.
ТАССтын маалыматына ылайык, бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Чжан Юся Пекинде Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов менен болгон жолугушууда билдирди.
«Биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 75 жылдыгын башталыш катары пайдаланып, Кытай-Орусия мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө даярбыз», – деди ал.
Чжан Юся эки тарап тең мамлекет башчылары жетишкен маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу, жогорку деңгээлдеги тыгыз байланыштарды сактоо, өлкөлөр ортосундагы аскердик кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү, эгемендүүлүк, коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн биргелешип иш алып барарына ишеним билдирди.
Ал ошондой эле акыркы жылдары Кытай менен Орусиянын мамилеси тарыхтагы эң жогорку деңгээлге жеткенин белгиледи.
Чжан Юся өлкөлөр ортосундагы кызматташтык эл аралык кызматташтыкты, аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого жардам берерине ишенимин билдирди.


















