Кытай менен Өзбекстан контейнердик ташуу боюнча адистешкен стратегиялык маанилүү ишкана түзүштү. Бул маалыматты Podrobno.uz агенттиги жазды.
Бул келишим боюнча жакында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча алгачкы контейнердик поезддер жөнөтүлөт.
Маалыматка караганда, UTK International Logistics Co. Ltd компаниясынын кеңсеси Үрүмчү шаарында жайгашат.
Ишкананын негизги ишмердүүлүгү товарларды консолидациялоо, Кытайдан субсидияларды тартуу жана Кытай-Борбор Азия багыты боюнча мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү болот.
Буга чейин Пекинде “UztemirYulKonteyner” компаниясы менен Шинжаң темир жол эл аралык логистика биримдигинин кызматташуусунун алкагында түзүлгөн биргелешкен ишкананын ачылышы болгон.
“Биргелешкен компанияны түзүү Кытайдан Өзбекстанга жана коңшу өлкөлөргө жүк жеткирүүнүн натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат, Өзбекстандын эл аралык логистикадагы позициясын бекемдейт”, – деп белгилейт компания.
Ишкананы түзүү “Бир алкак – бир жол” демилгесинин негизинде аймактык кызматташтыкты активдештирүү жана Кытай менен Европанын ортосундагы транзиттик көпүрө катары Борбордук Азиянын ролун бекемдөө боюнча аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.
Президент Шавкат Мирзиёев өлкөнүн транспорт-логистикалык системасын өнүктүрүү пландары менен таанышкан.



















