Кытайдын Хэган шаарында Россия менен сооданы жеңилдетүү үчүн жаңы аэропорттун курулушу пландалууда.
Бул тууралуу South China Morning Post агенттигинин макаласына таянып Газета. ру агенттиги жазды.
“Лубей аэропортунун курулушу жакынкы аралыкта башталат. 1,2 миллиард юаньга бааланган инвестиция менен аэропорттун ачылышы 2027-жылга пландалууда”, — деп айтылат макалада.
Басылманын маалыматына караганда, аэропорт жылына 450 миң жүргүнчүнү жана 1,6 тонна жүктү кабыл ала алат.
Мындан тышкары 2,5 миң метрлик учуу тилкесин жана 5 миң чарчы метрлик терминалды түзүү пландалууда.
Гонконгдогу Ханг Сенг университетинин окутуучусу Дэвид Вонг белгилегендей, Хегангдагы аэропорттун курулушу көптөгөн чакан шаарлар инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу ийгиликке жетишүүгө аракет кылып жатканын символдоштурат.
Анын айтымында, жаңы аэропорт Кытай үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, анткени аба каттамдары жетишсиз болгон аймактар өнүккөн аймактарды кууп жетүүгө аракет кылууда чоң кыйынчылыктарга туш болушат.
Буга чейин Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякунь кытайлык жана россиялык компаниялардын ортосундагы кызматташуу сырттан кийлигишүүгө дуушар болбошу керектигин айткан.

















