Бир тараптуу мажбурлоо чаралары БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун негиздерин бузат.
Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь Иран, Кытай жана Россияга каршы киргизилген санкциялардын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.
“Кытай бир тараптуу мажбурлоо чараларына каршы жана эл аралык коомчулукту тилектештикти жана кызматташтыкты чыңдоого жана бир тараптуу чараларга биргелешип каршы турууга чакырат”, – деп белгиледи дипломат.
Анын айтымында, мындай чектөөлөр адамдын негизги укуктарын, анын ичинде жашоо жана өнүгүү укугун одоно бузуп, БУУнун 2030-жылга карата күн тартибин ишке ашырууга тоскоолдук кылат.


















