Биринчи поезд Кытайдын Ланчжоу станциясынан жөнөп кетти. Ал Ташкентке 15 күндө жетет.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан транспорт коридору менен жүк ташыган алгачкы поезд жолго чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
“Сиань шаарында өткөн Кытай-Борбор Азия саммитинин алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында “Zhejiang Union of Railway Logistics” компаниясы “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Ланьчжоу станциясынан Ташкентти көздөй 30 контейнерден турган блоктук поездди каттамга чыгарды”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында.
Биринчи поезд Кытайдын Ланчжоу станциясынан 9-июнда жөнөп кеткен. Ал Ташкентке 15 күндөн кийин келери пландалууда.
Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында жүк товарды поездден автотранспортко жүктөлөт. Анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бир бөлүгү Кыргызстан аркылуу өтөт, бул жерде темир жол курулуп бүтө элек.
Маалым болгондой, поезд эл керектөөчү товарларын анын ичинде күн батареяларын, механикалык жабдууларды, кездеме жана башка товарларды ташып келе жатат.