Кытай Япониянын өзөктүк амбицияларын ооздуктоо үчүн экспортко чектөөлөрдү киргизди.
Кытай Япониянын 40 ишканасына карата кош багыттагы (жарандык жана аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон) товарлардын экспортуна бир катар чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу шейшемби күнү КЭРдин Соода министрлигинде билдиришти. Максат – Токионун өзөктүк амбицияларын ооздуктоо.
Кытайдын Соода министрлиги шейшембиде Япониянын аскердик кубатын күчөтүүгө катышкан 20 ишкананы, анын ичинде Mitsubishi Heavy Industries Shipbuilding компаниясын, кош багыттагы товарларга экспорттук көзөмөл тизмесине киргизди. Эми кытайлык экспорттоочуларга бул компанияларга кош багыттагы товарларды жеткирүүгө тыюу салынат. Ошондой эле чет элдик уюмдарга жана жеке жактарга Кытайда өндүрүлгөн тиешелүү товарларды аларга өткөрүп берүүгө же камсыздоого тыюу салынат.
Мындан тышкары, Кытай дагы 20 жапон ишканасын, анын ичинде Subaru Corporation жана Fuji Aerospace Technology компанияларын байкоо тизмесине киргизди. Бул аларга кош багыттагы товарларды жеткирүүнү жактырууда кошумча текшерүүлөрдү жана тобокелдиктерди баалоону карайт.
«Жогорудагы чаралар Япониянын “ремилитаризациясын” жана өзөктүк куралга ээ болууга умтулуусун ооздуктоого багытталган. Алар толугу менен негиздүү, акылга сыярлык жана мыйзамдуу», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Министрлик белгилегендей, япон компанияларын тиешелүү тизмелерге киргизүү мыйзамга ылайык жүргүзүлдү жана ал Япониянын аз сандагы ишканаларына гана тиешелүү. Киргизилген чаралар кош багыттагы товарларга гана жайылтылат.
«Бул Кытай менен Япониянын ортосундагы кадимки соода-экономикалык байланыштарга таасирин тийгизбейт. Ак ниет жана мыйзамды сактаган жапон компанияларына кооптонууга негиз жок», — деп белгилешти КЭРдин Соода министрлигинде.


















