Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Ма Чжаосюй Ирандын тынчтык максатында өзөктүк энергияны колдонуу укугу бар экенин билдирип, бул маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керек деп баса белгиледи.
Дүйшөмбү күнү Ма Чжаосюй Франциянын Тышкы иштер министрлигинин саясий жана коопсуздук маселелери боюнча башкы директору Фредерик Мондолони менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу пикир алмашты.
Ма Чжаосюй Global Times гезитине шилтеме берген Press TV каналы аркылуу:
«Ирандын өзөктүк энергияны тынчтык максатында колдонуу укугу сөзсүз түрдө камсыз болушу керек. Кытай бул маселеде мындан ары да позитивдүү жана конструктивдүү ролду ойнойт», — деп билдирди.
Ал Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ма бардык тараптарды жаңжалды күчөтпөстөн, мүмкүн болушунча тезирээк диалогду жана сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды.
Ошол эле учурда Кытай ТИМинин расмий өкүлү Го Цзякунь дүйшөмбүдө журналисттерге билдиргендей, Ирандын өзөктүк маселеси аймактык тынчтыкка жана коопсуздукка, ошондой эле өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык тартипке түздөн-түз таасир этет.
Ал бул билдирүүнү Иран ТИМинин өкүлү Эсмаил Багаинин дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүнө жооп катары айтты. Багаи Иран менен Европанын үч өлкөсү — Улуу Британия, Франция жана Германия — жума күнү Түркиянын Стамбул шаарында өзөктүк программа боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.
Сүйлөшүү Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кайя Калластын катышуусунда тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өтөт.
Го Цзякунь:
«Кытай ар дайым Ирандын өзөктүк маселесин саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактап келет. Бул — жалгыз туура жол», — деп билдирди.
Ал бардык тиешелүү тараптарды маселени тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган биргелешкен аракеттерге чакырды.
Ошол эле күнү пресс-брифингде Багаи Иран акыркы бир жыл ичинде Россия жана Кытай менен пайдалуу кеңешүүлөрдү өткөргөнүн айтып, 22-июлда Тегеранда үч мамлекеттин өкүлдөрү жолугарын билдирди.
Ал:
«Бул генералдык директорлор деңгээлиндеги жолугушуу болот. Анда өзөктүк маселелер, анын ичинде санкциялардын кайтарылышы боюнча да сөз болот», — деп кошумчалады.


















