Кытайдын Шэньси провинциясынын Сиань шаарында Кытай — Борбор Азия кызматташтык механизминин катчылыгынын ачылыш иш чарасы болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги билдирди.
Иш чарага Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алибек Бакаев, КЭРдин тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун жана Кытайдагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери катышты.
Жаңы органдын түзүлүшүнө байланыштуу Кытайдын жана беш борбор азиялык республикалардын тышкы иштер министрлери куттуктоо каттарын жөнөтүштү. Атап айтканда, КЭР ТИМ жетекчиси Ван И өз катында Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн төрт жыл мурда түзүлгөн Кытай-Борбор Азия механизминин алкагында кызматташа баштагандыгын жогору баалады.
«Бул механизмдин катчылыгынын түзүлүшү Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары тарабынан жетишилген консенсустун иш жүзүнө ашкандыгын далилдейт жана эл аралык коомчулукка алты өлкөнүн өнүгүүгө бирдей кадам таштагандыгы менен кызматташтыкты ийиндешип жүргүзүп жаткандыгын дагы бир ирет даңазалоодо», — деп жазды Ван И.
Жаңы органдын иши биринчи кезекте 2023-жылы Сианда өткөн «Кытай — Борбор Азия» саммитинде «Сиань декларациясы» деген аталышка ээ болгон Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башчылары тарабынан кол коюлган келишимди иш жүзүнө ашырууга багытталмакчы. Ал кезде штаб-квартирасы Сианда жайгашкан катчылыктын механизмин түзүү чечими кабыл алынган.
«Катчылык жигердүү иштеп, институциональдык курулушту күчөтөт, Кытай-Борбор Азия саммитинин жыйынтыктарын жана мамлекет башчыларынын маанилүү консестустарын ишке ашырууга баардык күч-аракетти жумшап, маанилүү тармактарда кызматташтыкты алдыга жылдыруу менен кытай-борбор азиялык кызматташтыкта жаңы натыйжаларга үзгүлтүксүз жетишүүгө көмөк көрсөтүү жаатында иш жүргүзөт», — деп баса белгиледи катчылыктын директору У Инцинь.
Өз кезегинде Алибек Бакаев Катчылыктын түзүлүшү тыгыз кызматташтыктын жаңы багыты болуп саналып, аймактык саясаттын маанилүү фактору экендигин белгиледи.



















