Кытайлык илимпоздор 10 миң колдонуучуну, анын ичинде согуштук роботторду байланыш менен камсыздоого жөндөмдүү бешинчи муундагы (5G) мобилдик байланыш системасын иштеп чыгышты. Бул тууралуу South China Morning Post (SCMP) кабарлады.
Басылманын маалыматы боюнча, бул үч километрге чейинки радиуста коопсуз жана ишенимдүү маалымат кызматтарын көрсөткөн дүйнөдөгү биринчи мобилдик базалык станция. Система China Mobile Communications Group жана Элдик боштондук армиясы (PLA) тарабынан иштелип чыккан. Аскердик күчтөр 80 км/саат ылдамдык менен татаал рельефте, мейли ал тоолуу аймактарда, мейли жыш шаарларда жүрсө дагы, станция 15 миллисекунддан аз кечигүү менен секундасына 10 гигабит туруктуу өткөрүмдүүлүктү бере алат.
Макалада Кытай учурда кубаттуу жана арзан учкучсуз учуучу аппараттардан, өзү жүрүүчү роботтордун жана учкучсуз согуштук аянтчалардан турган дүйнөдөгү эң чоң алыстан башкарылуучу роботтор армиясын түзүп жатканы белгиленген. Бул армия бара-бара Кытайдын элдик-боштондук армиясынан ашып, келечектеги согуштарда эркектерди алмаштырат деп күтүлүүдө.


















