Кытайдын окумуштуулары клондоштурулган алгачкы күлүк атты көрсөттү.
Чжуан Чжуан аттуу кулдун туулганына алты ай болду. Клон Урсус аттуу чемпион айгырдын клеткаларынан жасалган. Кулундун өңү-түсү анын оригиналына куюп койгондой окшош.
SinoGene компаниясынын маалыматы боюнча аргын атты клондоштуруу иштери 2021-жылы башталган. Клондогон кулун 2022-жылы 16-июнда туулган. Клондоштурулган кулунду жаратуу үчүн окумуштуулар Урсус аттуу жылуу кандуу айгырдын терисинен алынган соматикалык клетканы пайдаланышкан.
Урсус Кытайга 2007-жылы Германиядан алып келинген. Ал Кытайда жана чет өлкөлөрдө ат оюндары боюнча мелдештерде көптөгөн сыйлыктарды алган. Суррогат энеси Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясынан алып келинген бээ болгон. Чжуан Чжуандын терисинин түсү Урсустукуна окшоп кара, бирок эки аттын тумшуктары жана буттарынын түсүндө бир аз айырмачылык бар.
SinoGene компаниясынын башкы директорунун орун басары Чжао Цзяньпин клондоштуруунун негизги максаты Кытайда биринчи класстагы жылкы породаларын тукумдатуу болгонун билдирген.
“Клондоштуруу менен оригиналдын бардык бардык мүнөздөмөлөрү камтылган так генетикалык көчүрмөнү түзүүгө болот”, – деп кошумчалады ал.
Чжао Цзяньпин ошондой эле клондоштруу процедурасы “суррогат эне” үчүн коопсуз экенин, келечекте ал тукумун уланта аларын белгиледи.
Ал 2012-жылы ат спорту боюнча Эл аралык федерация клондолгон аттарга мелдешүке катышууга уруксат бергенин эске салды.
Компаниянын өкүлү Чжуан Чжуан 2028-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Эске салсак, 2017-жылы SinoGene компаниясы дүйнө жүзүнүн көңүлүн өзүнө бурган. Алардын лабораториясында генди нокаут кылуу ыкмасы менен соматикалык клеткадан чыгарылган дүйнөдөгү биринчи ит туулган. Лун Лун аттуу күчүк бигль породасындагы Пинго аттуу иттин клонуна айланган. Пинго өз кезегинде генди түзөтүү ыкмасы менен туулган дүйнөдөгү биринчи ит болгон.
Белгилей кетсек, дүйнөдө эң биринчи Долли деп аталган козу клондоштурулган. Аны Шотландиянын окумуштуулары 1997-жылы ишке ашырышкан. Андан кийин бир катар өлкөлөрдө анын ичинде АКШ, Франция, Түштүк Кореяда мышык, торпок, чычкан, торопой, коён, ит жана маймылдар клондоштурулган.