Ооганстандын Соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Ноуреддин Азизи баштаган делегация Кыргызстанга келди.
КР Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, сапар Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун чакыруусу менен уюштурулду.
Жолугушууда бул визит эки тараптуу кызматташууну активдештирүү жана тереңдетүү үчүн маанилүү кадам экени белгиленди. Кыргыз тарап экономиканын келечектүү тармактарында жаңы өз ара пайдалуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Айрыкча санариптештирүү жаатында көңүл бурулуп, Кыргызстан өзүнүн топтогон тажрыйбасын ооган өнөктөштөрү менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты.
Тараптар эки өлкөдө соода үйлөрүн ачуу боюнча макулдашышты, бул экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасы жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.






















