Белгилүү түрк ашпозчусу CZN Burak 18-19-март күндөрү Кыргызстанга алгачкы жолу келет.
Бул тууралуу “Умма” ислам журналы маалымдады.
Маалыматка караганда, Бурак Оздемир “Аль-Умма” кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен фонд тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү “Рамазан чатыры” социалдык кайрымдуулук долбооруна катышууга чакырылды.
Бул долбоор муктаж болгондорго ыйык Рамазан айында азык-түлүк жана колдоо көрсөтүү аркылуу жардам берүүнү көздөйт.
@CZN Burak дүйнө жүзү боюнча эң белгилүү ашпозчу бүгүнкү күндө 5 ресторандын ээси.
Өзүнүн өзгөчө тамактарын социалдык медиага жарыялап, көрсөтүү менен интернет жылдызына айланган. Ошондой эле CZN Burak дүйнө жүзү боюнча кайрымдуулук жана коомдук демилгелерди активдүү колдоп, жардам берип келет.
“Рамазан чатыры” социалдык-маданий долбоору 2016-жылдан бери “Аль-Умма” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп келет.
Бул өзгөчө долбоордун максаты Рамазан айынын урматына аз камсыз жана муктаж адамдарга ооз ачуу уюштуруу болуп саналат.
Кайрымдуулук долбоору буга чейин Бишкекте жана Ошто бир нече ирет өткөрүлүп, коом тарабынан абдан жылуу кабыл алынган.


















