Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстандын ТИМ башчысы Бишкек саммитинин ШКУдагы беш негизги жыйынтыгын атады

  • Саясат
  • 01.09.2026 19:00

Loading

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин, ошондой эле Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, беш негизги натыйжаны атады.

Анын айтымында, кабыл алынган чечимдер ШКУну институционалдык жактан реформалоо, коопсуздуктун жаңы механизмдерин түзүү, Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча иштерди илгерилетүү, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана жасалма интеллекттен тартып климаттык жана энергетикалык күн тартибине чейинки жаңы багыттар боюнча иш алып барууну камтыйт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Тема боюнча

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана «ШКУ+» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу аяктады.

Саммит ШКУнун 25 жылдыгына арналган жылдын негизги окуясы болуп, «25 жыл ШКУ: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана бакубатчылыкка биргеликте» деген ураандын алдында өткөн Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды.

Мүчө мамлекеттер Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктарына жана өлкөбүздүн Уюмдун эл аралык кадыр-баркын бекемдөөгө, анын ишмердигин өркүндөтүүгө жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына жогору баа беришти.

Саммиттин жыйынтыгында 28 документ кабыл алынып, кол коюлду. Алардын ичинен беш негизги жыйынтыкты белгилеп кетким келет.

  1. Негизги саясий документ — ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы болду. Анда мүчө мамлекеттердин негизги эл аралык жана аймактык маселелер боюнча макулдашылган позициялары чагылдырылып, Уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталды;
  2. ШКУнун институционалдык реформасы боюнча маанилүү кадам жасалды. Мамлекет башчылары Уюмдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколго кол коюшту. Бул документ кызматташтыктын кыйла натыйжалуу жана ийкемдүү моделине укуктук негиз түзөт;
  3. Коопсуздук архитектурасы бекемделди. Ташкент шаарындагы Коопсуздукка чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борбордун жана Душанбе шаарындагы ШКУнун Баңгизаттарга каршы борборунун ишин жөнгө салган документтер бекитилди. Кыргызстан үчүн Бишкек шаарында трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун ишин жайылтуу өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз тарап анын толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон инфраструктураны даярдоону аяктады;
  4. Экономикага, инвестицияларга, өнөр жай кооперациясына жана транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулду. Мүчө мамлекеттер ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча ишти мындан ары улантууну колдошту. Консультацияларды кыска мөөнөттө аяктоо пландалууда. Андан соң уюштуруу документтерине кол коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жаңы каржы институту ири инфраструктуралык, транспорттук жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө тийиш;
  5. Кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча чечимдердин комплекси кабыл алынды. Алар жасалма интеллект, климат, энергетика, маалыматтык коопсуздук, портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү, синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу сыяктуу багыттарды камтыйт.

Документтердин пакетине ошондой эле ШКУнун «Жашыл технологиялар коридорун» түзүү жана өзөктүк коопсуздук жаатындагы көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча чечимдер кирди. Уюмдун Африка союзу менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү чечими кабыл алынды.

Өзүнчө символдук окуя катары Кыргызстандын тоолорундагы чокулардын бирине «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген ат берилишин белгилөөгө болот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-августундагы №306 Жарлыгы менен «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы бийиктиги 4050 метр болгон аталышы жок чокуга «ШКУнун чокусу» деген ат берилди.

Ал элдерибиздин достугунун жана тынчтык менен бакубатчылыкка болгон жалпы умтулуубуздун символу болот деп ишенем.

Саммиттин алкагында БУУнун адилеттүү дүйнөлүк тартипти орнотуудагы ролу жана көп уюлдуу дүйнөнү калыптандыруу маселелерине арналган «ШКУ+» жолугушуусу да болуп өттү.

Катышуучулар БУУнун борбордук координациялоочу ролун бекемдөөнү, анын Уставын жана эл аралык укукту сактоону жакташты. Ошондой эле көп уюлдуу дүйнөнү эгемендүү теңдик, коопсуздуктун бөлүнгүс принциби жана бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын урматтоо негизинде куруунун зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын мезгилинде 200гө жакын иш-чара өткөрүлүп, алардын 50дөн ашыгы жогорку деңгээлде түздөн-түз биздин өлкөдө өттү.

Биз төрагалык конкреттүү практикалык натыйжаларды берүүгө, уланмалуулукту камсыз кылууга жана мүчө мамлекеттердин бардыгынын кызыкчылыктарын эске алууга тийиш деген принципти жетекчиликке алдык.

Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалык Пакистан Ислам Республикасына өтүп жатат. Пакистандык кесиптештерди куттуктап, аларга ийгиликтүү жана натыйжалуу иш каалайм.

Кыргызстан Бишкекте кабыл алынган чечимдерди мындан ары ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө жана коопсуздукту бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча ишти улантууга даяр.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КыргызстансаясатШКУ саммити
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026
Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026
Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026
Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

13.11.2026
Нетаньяху АКШнын аскердик жардамынын токтошу жакындап калганын билдирип, Израилдин оккупациясына каршы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин айтты

Нетаньяху АКШнын аскердик жардамынын токтошу жакындап калганын билдирип, Израилдин оккупациясына каршы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин айтты

24.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.