Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жарыштар өттү.
Кыздар арасында марафон дициплинасында кыргызстандык Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду.
Спортчу 2:28:41 убактысы менен келип, 17 спортчунун арасында 3-орунга ээ болду.
Ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда.
24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.
Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 6 медаль (3 алтын жана 3 коло медаль) бар: анын ичинде дзюдочу Эрлан Шеров, грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын алса, ушу-саньда боюнча Темирлан Аманкулов, күрөш боюнча балбан Раззак Бейшекеев жана жөө күлүк Сардана Трофимова коло медалдын ээси болушту.