5-октябрда Индонезиянын Богор шаарында өтүп жаткан самбо боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин үчүнчү күнү жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык спортчулар жалпы 7 медаль жеңди: алардын ичинен 2 күмүш жана 5 коло медаль.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин расмий баракчасында маалымдалды.
Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча 13 салмактык категорияда жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды. Турнирдин кийинки этаптарында самбочулар 12 салмак категориясы боюнча күч сынашты.
- 64 кг салмак категориясында Айбаз Орозбеков 3-орунду ээледи (коло медаль);
- 98 кг салмак категориясында Медет Абдырахманов 3-орунду ээледи (коло медаль);
- +98 кг салмак категориясында Дастан Бейшеналы уулу 2-орунду ээледи (күмүш медаль).
Спорттук самбо – кыз-келиндер арасында:
- 65 кг салмак категориясында Улара Карыпбекова 3-орунду алды (коло медаль);
- 54 кг салмак категориясында Акак Үсөн кызы 3-орунду ээ болду (коло медаль).
Спорттук самбо – эркектер арасында:
- +98 кг салмак категориясында Илья Сухинин 3-орунга ээ болду (коло медаль);
- 98 кг салмак категориясында Талип Касымбаев 2-орунду алды (күмүш медаль).
Спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча дүйнө биринчилиги Индонезиянын Богор шаарында 3-октябрда башталып, 5-октябрда жыйынтыкталды.




















