ФИФАнын футзал боюнча экс-рефериси кыргызстандык Нурдин Букуев Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Букуев футзал боюнча Дүйнө Чемпионаттарында тейлеген оюндарынын саны боюнча абсолюттук рекорд койгон, ошондой эле бул көрсөткүчкө жетишкен алгачкы жана жалгыз рефери.
Тема боюнча:
Анын эсебинде төрт дүйнө биринчилиги бар, атап айтканда: Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионаттары.
Букуевдин ФИФА калысы катары акыркы матчы 2021-жылы Литвада өткөн футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалы болду. Анда Аргентина менен Португалиянын курама командалары беттешкен. Ал финалда Португалиянын командасы жеңишке жетип, сыйлоо аземинде Букуев баштаган калыстар бригадасы Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алышкан.
Нурдин Букуев калыстык карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр болгон. Ал бир катар эл аралык жана улуттук деңгээлдеги беттештерге калыстык кылган.
Ал 2013-жылы Азиянын мыкты калысы, ошондой эле 2012, 2019 жана 2021-жылдары Кыргызстандын футзал боюнча мыкты калысы деп табылган. Калыстык карьерасын жыйынтыктагандан кийин Азия футбол конфедерациясы Букуевдин эмгегин баалап, ага АФКнын атайын сыйлыгын тапшырган.
Кыргыз футбол союзунда көп жылдык ишмердигинен кийин Букуев 2021-жылы КФСнун башкы катчысы болуп, азыркыга чейин бул кызматты аркалап келет.
Кыргызстандык адис ошондой эле 2022-жылы өлкөдө футболду жана анын түрлөрүн жайылтуудагы, колдоо көрсөтүүдө жасаган эмгеги үчүн мамлекеттик “Даңк” медалы менен сыйланган.