Ирандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылы АКШда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) иран тарапка спортчулардын бардык укуктары сакталарына кепилдик бергенин Иран ТИМинин өкүлү Эсмаил Багаи билдирди.
«Ирандын улуттук курамасынын дүйнө чемпионатына катышуу чечими Спорт жана жаштар министрлиги менен Футбол федерациясынын баалоосунун негизинде кабыл алынды. Эки күн мурда Түркияда футбол федерациясынын өкүлдөрү менен ФИФАнын жогорку жетекчилеринин жолугушуусу ийгиликтүү өттү. Анда ФИФА мелдешти кабыл алуучу тарап турнирдин эрежелерин сакташы үчүн бардык аракетин көрөрүнө кепилдик берди», — деди ал маалымат жыйынында.
17-майда ФИФАнын башкы катчысы Маттиас Графстрем Түркияда Эл аралык футбол ассоциациялары федерациясынын (ФИФА) жана Иран футбол федерациясынын (ИФА) өкүлдөрүнүн ортосунда жемиштүү жолугушуу өткөнүн, анын жыйынтыгында ФИФА Иран курамасы дүйнө чемпионатына катышат деп күтүп жатканын билдирген.
Иран президенти Масуд Пезешкиан 13-майда футболчулар менен машыктыруучулар штабы дүйнө чемпионатына жөнөп кетер алдында, спортчуларды АКШдагы турнирде өлкөнүн намысы үчүн күрөшүүгө чакырган. Ошол эле учурда Иран футбол федерациясынын башчысы Мехди Тадж курама азырынча виза ала электигин айткан.
Иран Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы аскердик чыңалуу толук жөнгө салынбагандыктан, футболчулардын коопсуздугуна кепилдик берүүнү талап кылган. 30-апрелде ФИФА Иран курамасы мелдешке катышып, оюндарын АКШда өткөрөрүн расмий билдирген.
Турнирдин программасына ылайык, тайпалык баскычта Иран курамасы 16-июнда Калифорниядагы Инглвуд шаарында Жаңы Зеландия улуттук футбол курамасы менен, 21-июнда Бельгиянын улуттук футбол курамасы менен ойнойт. Андан кийин 27-июнда Сиэтл шаарында Египеттин улуттук футбол курамасы менен беттешет.
Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин уланат.


















