Быйыл 16-июнга белгиленген Курман айт майрамына карата айт намаздар аянтта эмес, мечиттерде окулат.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
“16-июнга белгиленген Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги жума мечиттерде окулат”, – деп айтылат маалымат.
Айт намаздын программасы:
- 06:15-07:25 — баяндар;
- 07:25-7:30 — Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;
- 07:30 — Курман айт намазы.
Белгилей кетсек, мусулмандардын ыйык деп саналган Курман айт майрамы Кыргызстанда 16-июнга белгиленген. 15-июнь ишемби күнү арапа болот.
Бул сапар Курман айт жекшемби күнгө туура келгендиктен, 17-июнь дүйшөмбү күнү өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет. Бул сапар Курман айт жекшемби күнгө туура келгендиктен, 17-июнь дүйшөмбү күнү өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет.
Эске салсак, быйыл айт намазы да мечиттерде окулган. Аны муфтият акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу, элдин коопсуздугу эске алынганы менен түшүндүргөн.




















