Кыргызстанда көмүрдү байытуучу эки завод курула. Заводдорду курууга болжол менен эки жыл убакыт кетет.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек — Аламүдүн аймактык башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, заводдун бири Кара-Кече кенинин жанына курулса, экинчиси түштүк аймакта болот.
Ал белгилегендей, Бишкекте жана шаардын чет жакасында күз-кыш айларында болжол менен 1,5 миллион тонна көмүр жагылат. Кыргызстандыктардын көбү дал ушул факторду ыштын башкы себеби деп билишет, бирок ПРООНдун иликтөөсү абанын булгануусунда ТЭЦтин үлүшү болгону 10 пайызды түзөрүн көрсөткөн.
«Курула турган заводдор көмүрдөгү зыяндуу заттарды азайтат. Байытылган көмүрдүн табы жакшы болот. «Д» классындагы импорттолгон 1 000 тонна көмүрдөн 8,8 тонна зыяндуу зат чыкса, биздин байытылбаган көмүрдөн 12,9 тонна чыгып жатат. Бул өтө чоң айырма», — деди Шаршеев.