Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги коллекциялык питомнигинде эксперименталдык талаачада дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири деп эсептелген шафран өстүрүлүп жатат.
Айыл чарба министрлигинен маалымдашканыдай, аталган өсүмдүк 2021-жылдын 26-сентябрынан баштап өстүрүлө баштаган.
Министрлик бул өсүмдүктү өстүрүүнү бардык дыйкандарга сунуштады.
“Кыргызстанда шафранды өстүрүүнү жайылтуу боюнча мамлекеттик программа даярдалып жатат. Эгер бул программа кабыл алынса, фермерлерге шафранды кантип туура өстүрүү боюнча окутуулар жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
🔰Шафран дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири. Аталган өсүмдүктүн жалбырактары азыктык жана дарылык касиетке ээ. Ал жапайы жаратылышта сейрек кездешет. Иран, Испания, Индия жана башка кээ бир өлкөлөрдө өстүрүлөт.✅Ал эми 2021-жылдын 26-сентябрынан баштап Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги коллекциялык питомнигинде эксперименталдык талаачада шафран өстүрүлүп жатат. Бул өсүмдүктү өстүрүү бардык дыйкандарга сунушталат. ➡️Кыргызстанда шафранды өстүрүүнү жайылтуу боюнча мамлекеттик программа даярдалып жатат. Эгер бул программа кабыл алынса, фермерлерге шафранды кантип туура өстүрүү боюнча окутуулар жүргүзүлөт.
Опубликовано Айыл чарба министрлиги – Понедельник, 30 октября 2023 г.
Белгилей кетсек, “кызыл алтын” деп аталган шафран дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири. Аталган өсүмдүк тамак-ашка кошулуп, дары-дармек жасоодо жана химиялык өндүрүштөрдө кеңири колдонулат. Ал жапайы жаратылышта сейрек кездешет. Иран, Испания, Индия жана башка кээ бир өлкөлөрдө гана өстүрүлөт.
Шафрандын түсү кою кызыл, жыпар жыттуу жана даамы жагымдуу келет.



















