Кыргызстан 6 айлык мөөнөт менен айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, тактап айтканда, буудай унун жана буудайды убактылуу ташып чыгууга тыюу салды.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Документте белгиленгендей, мындай чечим азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.
Токтом 22-сентябрда кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин, башка айткан бүнүн күчүнө кирет.
Буга чейин Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү ун азыктарынын айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок экенин маалымдаган.
Министрлик 22-сентябрдан баштап КР ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 000 тонна буудай даны кампадан чыгарыларын билдирген.
Ошондой эле, ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Айыл чарба министрлиги, ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурган.
19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ундун баасы көтөрүлүп кетти деп “хайп” кармаган депутаттарга баа өспөй тургандыгын, мамлекет кошумча чара көргөндүгүн айткан. Ал казактардын унунун баасы көтөрүлгөнүн, ал бизден көз каранды эмес экенин жана элибизге эч кандай зыян алып келе албай тургандыгын айткан.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөргөн. Анда Төрөбаев республикада буудайдын тартыштыгы жок экенин, баанын өсүшү Казакстандан келген унга карата гана байкалаарын билдирген.
Жыйында Кыргызстанда казак унунун кымбатташынын негизги себеби Казакстандан Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун сезондук тыгыны экендиги белгиленген.