Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстанда бензиндин баасы рекорддук чекке жетти

  • Экономика
  • 29.07.2026 15:58

Loading

Бишкектеги май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы кайрадан жогорулады. Акыркы дем алыш күндөрү АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо 2 сомго, ал эми дизел  1–1,6 сомго кымбаттады.

Учурда борбордогу ири май куюучу жайларда АИ-92 бензининин бир литри 86,8–88,4 сомдон, дизел майы 98,3–99,9 сомдон сатылууда. Ал эми АИ-95 маркасындагы бензини айрым жайларда 107–109,9 сомго чейин жетет.

Муну Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов  дүйнөлүк дүң баалардын өсүшү менен түшүндүрдү.

Тема боюнча

Таланттан аракетке: “Социалдык лифттер” Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026

“Күйүүчү майдын баасы аймактарга жеткирүү чыгымына жараша айырмаланат. Баткенде Бишкекке салыштырмалуу 3-3,5 сомго, Нарында 1 сомго, Таласта 1,5-2 сомго кымбат болушу мүмкүн. Бааны турукташтыруу механизми иштеп жатат. Бирок дүйнө жүзүндө дүң баалар өсүүдө. Мамлекет да бааны жогорулатууга аргасыз болуп жатат. Болбосо компаниялар чоң чыгымга учурап, банкрот болушу мүмкүн. Анда Кыргызстанга күйүүчү майды ким ташып келет?”, – деди Эшатов.

Кечээ, 28-июль күнү Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен  бааны турукташтырууга багытталган макулдашууга кол койду.

Монополияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, документтин негизги максаты – өлкөнү АИ-92 бензини, дизель майы жана автогаз менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Аталган кызмат макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү күйүүчү май рыногундагы туруктуулукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөрүн билдирди.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан Россиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген.

“Россиядагы ички кыйынчылыктарга карабастан алар мүмкүнчүлүгүнө жараша Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин айтышты”, – деди Д. Амангелдиев.

Ал кошумчалагандай, жеткириле турган күйүүчү май рыноктук баада сатылат.
Буга чейин Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Россия, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын Энергетика министрлиги кабарлаган. Андан көп өтпөй, Беларусь менен Кытайдан жөнөтүлгөн күйүүчү майлардын алгачкы партиясы келген. Келишимде ылайык, Беларустан келген бир нече вагон күйүүчү май Россия аркылуу транзит менен алып өтүү маселеси да чечилген.
Андан тышкары, Казакстан менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстанга ай сайын 15 миңден 20 миң тоннага чейин мазут жеткирилери маалым болгон.

Мазут – өлкөдөгү мунай иштетүүчү заводдордо  кайра иштетилип, андан АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана К4, К5 экологиялык стандарттарына жооп берген дизелдик күйүүчү май өндүрүлөт.

Энергетика министрлигинин ушул айдын башында берген маалыматында, өлкөгө күйүүчү-майлоочу майды жеткирүүлөр туруктуу түрдө ишке ашырылып, камсыздоо процесси тынымсыз көзөмөлдө экендигин маалымдаган.

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын 95%ын импорттогондугуна байланыштуу, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикадагы тобокелдиктер жана мунайга болгон дүйнөлүк баалардын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна да таасирин тийгизип жаткандагын айткан.

Россиядагы тартыштык жана Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанга тийгизген кесепеттери
Россия – Украина жаңжалы, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий тирешүүлөр жана согуштук аракеттер экономикага гана эмес, күйүүчү майлардын дагы кескин кымбатташына алып келди.

Биринчиси, Укриананын Россиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасалган дрон чабуулдарынан улам келип чыккан күйүүчү май кризиси мунун ачык далили болсо, экинчиси АКШ жана Израилдин Иранга жасаган чабуулдары, ошондой эле Ормуз кысыгындагы чыңалуу дүйнөлүк рынокто бензиндин кымбатташына түздөн-түз  таасирин тийгизди. Себеби дүйнөдө жалпы мунай ташуунун 20%ы Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.

Кысыктын тосулушу Сауд Аравия, Кувейт, Ирак жана БАЭ сыяктуу ири өндүрүүчүлөрдүн мунай экспортун күнүнө миллиондогон баррелге кыскартып, базарда чоң ажырымды пайда кылган.

Мунун кесепети Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга олуттуу таасирин тийгизди. Анткени Кыргызстан керектүү мунай өнүмдөрүнүн дээрлик 95%дан ашыгын Россиядан түз импорттогондуктан, кымбатчылык өлкөнүн экономикасына таасир этип, азык-түлүктөн баштап, базар рыногундагы күндөлүк керектелүүчү товарлардын баарынын баасы кымбаттады.

Казакстандын өзүнүн ири мунай иштетүүчү заводдору болгонуна карабастан, Казакстан улуттук авиация жана айрым чек ара аймактары үчүн Россиядан күйүүчү май (мисалы, авиакеросин жана жогорку октандуу бензин) импорттойт. Өзбекстан менен Тажикстан дагы акыркы жылдары Россиядан мунай импортун көбөйтүшкөндүгүнө байланыштуу, май куюучу жайларындагы баалардын өсүшү массалык маалымат каражаттары аркылуу дароо чагылдырылууда.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

20.11.2026
Таланттан аракетке: “Социалдык лифттер” Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
БУУнун Эл аралык соту Мьянманы рохинжа мусулмандарына карата геноцид жасаган деп тааныды

БУУнун Эл аралык соту Мьянманы рохинжа мусулмандарына карата геноцид жасаган деп тааныды

20.11.2026
Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Индияда көпүрө урап түштү

Индияда көпүрө урап түштү

19.11.2026
Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.