Чүй облусунда форель үчүн европа сапатындагы жем чыгарган уникалдуу завод ачылды. Долбоорду «Салих» компаниясы Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ишке ашырган.
Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, заводдун курулушуна РКӨФ 1,3 миллион доллар өлчөмүндө (долбоордун жалпы сумманын 70%ы) жеңилдетилген насыя бөлүп берген.
“Завод эң акыркы жабдуулар менен жабдылган жана бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Долбоордун максаты ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.
РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков балык экспортунун потенциалы Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, 2020-жылы өлкөдө 5 миң тонна балык өстүрүлсө, 2022-жылы ал 20 миң тоннага жеткен.
Анын айтымында, завод бир суткада 30 тоннага чейин жем чыгара алат.
“Жакын арада завод ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн керектөөсүнүн 50%ын камсыздай алат. Бара-бара компания ички рынокту камсыздап тим болбостон, продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө да экспорттой алат деген ишеним бар”, – деди Новиков.