Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирген маалыматка ылайык, быйыл айт намазы мечиттерде окулат. Аны башкармалык, акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу, элдин коопсуздугу эске алынганы менен түшүндүргөн.
“Орозо айт намазы өлкөдөгү жума мечиттеринде окулат”,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ош шаардык мэриясы айт намаз, 10-апрелде, шаардын борбордук аянтында окулаарын жарыялаган. Бирок Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы: “айт намазы мечиттерде окулат”,-деген чечиминен кийин ал чечим жокко чыгарылды.
“10-апрель күнү Орозо айт намазы Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык, жума намаздары окулуп жүргөн мечиттерде гана окулат”,-деп айтылат маалыматта.
Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет. Намаз эртең мененки саат 07:30да окулуп баштайт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.



















