Кыргызстан Ооганстанга 120 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.
Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыма ткызматы кабарлады.
“Кыргыз Республикасынан Ооганстанга 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди”, – деп айтылат билдирүүдө.
Мекемеден билдиришкендей, бул жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Б. Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулган.
Эске салсак, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 78-сессиясында да Ооганстанга жардам берүүгө чакырык таштаган.
Кыргызстан буга чейин да Ооганстанга азык-түлүк, кийим-кече, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектерди жеткирген.




















