Өзбекстан менен Кыргызстандын лидерлеринин бейформал жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин администрациясы маалымдады.
«25-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өлкөбүзгө иш сапары менен келди. Ташкент облусундагы «Амирсой» курорттук комплексинде Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Лидерлер эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле эл аралык саясат жана аймактык кызматташтык боюнча пикир алышты.
Кыргызстандын президенти жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген туристтик лыжа комплексинин түзүлгөн шарттарына жана заманбап инфраструктурасына жогорку баасын берди.
Өзбекстан менен Кыргызстандын уникалдуу геоландшафттарын жана жаратылышынын ар түрдүүлүгүн эске алуу менен курорттук-рекреациялык борборлорду түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишилди»,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы “Амирсой” тоо лыжа базасынын шарттары менен таанышып келгенин билдирген.
Ал эми С. Жапаров Өзбекстандын “Амирсой” лыжа базасында болгондугу тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы барагында мындай деп жазган:
“Өлкөбүздүн аймагынын 94%ын тоолор ээлейт.
Биздин жети аймактын ар биринде ушундай лыжа базалары болсо болмок.
Бирок бизде алардын бири да дээрлик жок. Неге? Анткени эгемендик алгандан бери карапайым элден баштап президенттерге чейин жалаң саясат менен алек болдук.
Бизде күндө митинг болуп, күндө майрамдар болуп жатты. Экономика, туризм жана башка маанилүү тармактарга көңүл бурулбай калган.
“Амирсой” лыжа базасын караганымда таң калдым. Кесиптешим Шавкат Мирзиёев бул бийик базаны нөлдөн баштап курган.
Сөз жок. Мыкты жасалды.
Канча адам жумуш менен камсыз болуп жатат! Бул жерге миллиондогон туристтер эс алуу үчүн келишет.
Тейлөө деңгээли Европадан кем калышпайт. Баары эң жогорку деңгээлде.
“Ташкенттен жарым сааттык жол”, — деп жазган мамлекет башчысы.



















