Өзбекстандын башкы консулу Зафар Ахмедов Кыргызстандын Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен жолугушту, деп билдирет «Дунё» маалымат агенттиги.
Сүйлөшүүлөргө ошондой эле мэриянын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек, инвестиция, тышкы байланыштар жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түштүк облустардагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Венера Сайфутдиновалар катышышты.
Жолугушууда Ош жана Анжиян шаарларынын кызматташуу маселелери талкууланды. Аны мындан ары өнүктүрүүгө жана санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, туризм жана рекреация багыттары боюнча бир катар долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга кызыгуу белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ош шаардык мэриясынын делегациясынын Өзбекстанга сапарын уюштуруу жана региондор ортосунда статистикалык маалымат алмашуу механизмин түзүү боюнча макулдашууларга жетишилди.



















