Eurasiatoday
Среда, 29-Ноябрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстан Ирандын ШКУга кошулушунан кандай пайда көрөт? Эксперттин пикири

  • ТОП жаңылыктар
  • 21.07.2023 10:57

Loading

Ирандын ШКУга толук мүчө болуп кириши аймактагы геосаясий кырдаалга кандай таасир этерин жана андан Кыргызстан кандай пайда көрөрүн саясий илимдердин кандидаты, Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу Молдокеева Алина редакциябызга айтып берди.

«Шанхай Кызматташтык Уюмунун түзүлгөнүнө башка аймактык уюмдарга салыштырмалуу аз эле убакыт болду, ошентсе дагы 2001-2023-жылдар аралыгындагы окуялардын хронологиясын карап көрсөк, кыска мөөнөттө ШКУ дүйнөлүк аренада чоң кадыр-баркка ээ болду», — деди Молдокеева.

Тема боюнча:

Бишкектеги ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктады

Бишкектеги ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктады

26.10.2023

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ШКУ бир гана коопсуздук, экстремизм, радикализм менен күрөшүү жаатында өзүнүн долбоорлорун ийгиликтүү илгерилетип жаткан аймактык уюм эмес, ошол эле учурда экономикалык мүнөздөгү уюм.

Эксперт Иран ШКУ түзүлгөндөн бери анын ишмердүүлүгүнө жигердүү кызыкдар болуп, уюмдун ар кандай иш-чараларына катышып келгенин белгиледи.

«Ирандын уюмга кириши геосаясий кырдаалды өзгөртөт, анткени Ирандын өзүнүн геосаясаты, аймактагы мамилелердин табияты, Батыш менен мамилеси, ШКУ менен болгон мамилеси – мунун баары дүйнөлүк кырдаалга өз таасирин тийгизет. Иран тарап туура белгилегендей, бул жаңы дүйнөлүк тартиптин башталышы», -деди Молдокеева.

Анын пикиринде Иран доллардан баш тартып, башка өлкөлөрдү улуттук валютага өтүүгө үндөп туура кылды. Көптөгөн мамлекеттер азыр акырындык менен долларды дүйнөлүк валюта катары колдонуу практикасынан баш тартып жатышат. Бул америкалык валютанын алсырашына гана алып келбестен ошондой эле жаңы доордун башталышы да болот.

Ирандын ШКУга кириши уюмдун экономикалык жактан күчтүү болушуна салым кошот

«Иран уникалдуу позицияны ээлейт — өлкө Борбордук Азияны да, Батыш жана Түштүк Азия менен Кавказды да бириктирген чекитте жайгашкан. Ирандын ШКУга киришинен Кыргызстан кандай пайда табаарын айта турган болсок, анда бул биринчи кезекте Кытай – Иран – Кыргызстан – Өзбекстанды бириктирген темир жолдун курулушу. Ыңгайлуу транспорттук логистиканын эсебинен жаңы логистикалык чынжырларды түзүү жана өлкөнүн бюджетин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт», — деп баса белгиледи ал.

Анын айтымында, глобализация бардык чөйрөлөргө таасирин тийгизет жана мындай транспорттук маршруттар жана түйүндөр азыр абдан маанилүү. Ислам Республикасынын ШКУга кириши уюмдун экономикалык кубаттуулугунун кыйла жогорулашына салым кошот.

«Экономикалык параметрлерди карай турган болсок, анда ШКУга мүчө болгон бардык мамлекеттердин калкы дүйнө калкынын жарымын түзөт. Бул 24 триллион доллардан ашык товар жүгүртүү – абдан маанилүү көрсөткүч жана Иран кошулгандан кийин Шанхай Кызматташтык Уюмунун күчү кыйла жогорулайт», — дейт Молдокеева.

Ал уюмдун акыркы саммитинде кабыл алынган Нью-Дели декларациясы жана бир катар программалык документтер — мамлекеттердин ортосунда жаңы перспективаларды ачарын белгиледи.

«Ирандын ШКУга туруктуу мүчөлүгү менен уюмга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы дагы бекемделет. Ирандын радикал-экстремисттик топторго каршы күрөшүү тажрыйбасы – Шанхай кызматташтык уюмуна пайдалуу болот», — деп Молдокеева сөзүн жыйынтыктады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Тегдер: мүчөНью-ДелиШКУэксперт
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Эксперт: Цзиньпин менен Байдендин жолугушуусу мамилелердин мындан ары начарлашынын алдын алды

Эксперт: Цзиньпин менен Байдендин жолугушуусу мамилелердин мындан ары начарлашынын алдын алды

16.11.2023
Бишкектеги ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктады

Бишкектеги ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктады

26.10.2023
Бишкектеги ШКУ саммити: Ирандын вице-президенти Израиль Газада адамзатка каршы кылмыш жасап жатканын айтты

Бишкектеги ШКУ саммити: Ирандын вице-президенти Израиль Газада адамзатка каршы кылмыш жасап жатканын айтты

26.10.2023
ШКУ премьерлеринин жыйынында 14 документке кол коюлду. Тизме

ШКУ премьерлеринин жыйынында 14 документке кол коюлду. Тизме

26.10.2023
ШКУ: Акылбек Жапаров көтөргөн маселелер

ШКУ: Акылбек Жапаров көтөргөн маселелер

26.10.2023
Бишкекте  ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

Бишкекте  ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

26.10.2023
Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары Ирандын деңиз портторун пайдаланууга кызыкдар

Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары Ирандын деңиз портторун пайдаланууга кызыкдар

26.10.2023
Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди

Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди

25.10.2023
Бишкекте ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана ЕӨАКтин жыйындары өтөт

Бишкекте ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана ЕӨАКтин жыйындары өтөт

24.10.2023

Башкы жаңылыктар

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023
Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

Ташкентте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтийлери Газадагы кырдаалды талкуулашты

27.11.2023
Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

Кыргызстан Ооганстанга 100 тонна гумжардам жөнөтөт

27.11.2023
Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

Газадан Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды

27.11.2023
Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

25.11.2023
Бишкекте баңгизат менен күрөшүүгө арналган жыйынга 20дан ашуун өлкөнүн делегаттары катышты. Сүрөт

Бишкекте баңгизат менен күрөшүүгө арналган жыйынга 20дан ашуун өлкөнүн делегаттары катышты. Сүрөт

24.11.2023

Валюталар курсу

25
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

Ошто орусиялык дарыгерлер 42 баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты

27.11.2023
Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

Улуу Британиялык ишкер менен Кыргызстанга завод куруу боюнча сүйлөшүү болду

27.11.2023
Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

Жылуулук энергиясы жана ысык суунун тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди

27.11.2023
 А. Жапаров жумуш сапары менен Улуу Британияга барды

 А. Жапаров жумуш сапары менен Улуу Британияга барды

27.11.2023
Бишкекте 6 миңден ашык квартиралар курулуп жатат

Бишкекте 6 миңден ашык квартиралар курулуп жатат

25.11.2023
Быйыл тышкы карызга 360 миллион доллар төлөндү

Быйыл тышкы карызга 360 миллион доллар төлөндү

24.11.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.