Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт.
Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Билдирүүдө Кыргызстан эл аралык укуктук принциптерге, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин колдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастай турганы белгиленет.
“АКШнын Президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египеттин, Катардын жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу”, – деди Алагөзов.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкеси боюнча тынчтык планынын биринчи фазасын ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирген. Биринчи этапта ХАМАС барымтадагы израилдиктерди бошотот, ал эми Израил өз күчтөрүн анклавдын ичиндеги макулдашылган тилкеге чыгарып, Израилдин түрмөлөрүндөгү жүздөгөн палестиналыктарды бошотот.



















