Кыргызстан АКШдан визанын айрым категорияларынын, анын ичинде окуу визаларынын мөөнөтүн узартууну суранат.
Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР жарандарынын чет өлкөгө баруу шарттарын жакшыртуу иштеринин алкагында КР Тышкы иштер министрлиги америка тарабы менен өз ара негизде айрым категориядагы, анын ичинде окуу категориядагы визалардын мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгеледи.
“Америка тарабы менен макулдашуулар жетишилгенде расмий маалымат жарыяланат. Ошону менен бирге КР жарандарынын АКШга кирүү жана анын аймагында жүрүү эрежелерин сактоосу визаларды тариздөө тартибин жеңилдетүү боюнча макулдашууларга жетүүгө шарт түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков АКШда окуган студенттер виза маселесинде кыйынчылыкка кабылып, студенттер жыл сайын визаны узартуу үчүн Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болуп жатышканын айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул боюнча АКШ бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.