Ар кандай мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылып, абакта отуруп чыккан Тилекмат Күрөнөв деген өзүн активист көрсөткөн жаран эркиндикке чыккан соң Түркияга кетип, андан ары АКШга башпаанек алгандыгы белгилүү. Ал океандын ары жагында жүрүп да азыр өлкөбүздө болуп жаткан жакшы иштерди тескери өңүттөн көрсөтүп, жакында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда түзүлгөн биздин көмүр кендерибизди биргелешип иштетүү тууралуу келишимди «Кытайга биротоло өтүп кетти, бир үй-бүлөгө миллион берип коюп…»,- деген далилсиз сөздөрүн айтыптыр.
Бул маселе боюнча Тилекмат Куреновго «Кыргызкөмүр» МИнин түштүк филиалынын директору Сүйүнбек Мамашев төмөндөгүчө жооп берди:
-Тилекмат Куреновдун билдирүүсүндөгү маалыматтарды расмий жокко чыгарам. Ал курулай доомат, калп маалымат таратуу менен элди дүрбөлөңгө салууну көздөөдө.
Ал айткан көмүр кендер Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына 100 пайыз ыйгарылган. Мында, белгилей кетчү нерсе, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери түштүк аймакта бир дагы мамлекеттик көмүр кени болгон эмес. Көмүр кендерине лицензияларды тааныш-билиштик аркылуу алып алган жеке компаниялар өздөрү каалагандай иштетип, басымдуу бөлүгүн экспортко чыгарып, калганын элге кымбат баада сатып келишкен.
Учурдагы өлкө жетекчилиги, президент Садыр Нургожоевичтин жүргүзгөн саясаты, Акылбек Үсөнбековичтин ыкчам чыгарылган тескеме, токтомдорунун натыйжасында көмүр кендери азыр мамлекеттин кызыкчылыгына иштетилип жатат. Көмүр кендери мамлекеттикки болсун, мамлекеттин көмүргө болгон муктаждыгы жоюлсун, көмүр аркылуу дагы мамлекеттин экономикасын кыйла көтөрүүгө болот деген тыянак менен мамлекеттик ишканага ондон ашуун лицензиялар ыйгарылды.
Куреновго буга чейин көмүр кендерин иштетип келген жеке компаниялардан заказ түшкөн деп ойлойм. Ким ага мындай маалыматтарды жеткирди, ким аркылуу элди алдоо жолу менен башаламандыкка чакырык таштап жатат — учурда толук тактап, тиешелүү укук коргоо кызматтарына өткөрүп бердик. Жакынкы күндөрү мыйзамдуу чара көрүлөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү бир катар көмүр кенин кытайлык компаниялар менен биргелешип иштетүү чечимин кабыл алган. Бул боюнча Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда экономиканын көптөгөн багыттары боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн, жалпысынан 29 документке (1 миллиард доллардан ашуун суммадагы) кол коюлганын, анын тогузу көмүр тармагына байланыштуу экенин 19-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.
Чек арадагы «Эркечтам» өткөрмө бекетине жакын жерге ленталуу конвейер менен көмүр логистикалык борборун жана «Торугарт» бекетине жакын жерге көмүр логистикалык борборун чогуу куруу боюнча келишимдер кабыл алынган.
Мындан тышкары Ак-Улак, Беш-Буркан, Тегене, Торугарт, Торугарт 1, Сүлүктү 11 талаа, Каракабак-Балыкты көмүр кендерин биргелешип иштетүү ниети жөнүндө келишимдерине кол коюлду.
Жогорудагы келишимдер «Кыргызкөмүр» ишканасы менен кытайлык беш компаниянын ортосунда кабыл алынды.
Жогоруда айтылгандай, эгер бул кендерден көмүр Кытайга сатыла баштаса, анда киреше мурдагыдай жеке адамдардын чөнтөгүнө эмес, мамлекеттин казынасына түшмөкчү.