Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 30-январынан 5-февралына чейин топографиялык жумушчу топторунун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында болуп өттү. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.
Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Маалыматта жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өткөндүгү айтылган.
Белгилей кетүүчү жагдай, 5-февралда Тажикстанга расмий иш сапар менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тажик кесиптеши Сирожиддин Мухриддин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуу жана чек ара маселелери талкууланган.






















